05.02.2024

Кароолор: (18)

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ЗОРДУК ЗОМБУЛУК БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРИЛДИ

Бүгүн 5-февральда Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде 9-10-11-класстардын окуучулары менен жыйын өткөрүлдү.

Жыйында зордук-зомбулук, рекетчилик, кылмыштуулук, баңги заттардын, эрте никеге туруунун зыяндуулугу жана мыйзамсыздыгы боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.

Бул иш чарага Баткен шаарынын мэриясынан, Баткен ШИИБнен, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын алдындагы үй бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директору окуучуларга зордук зомбулуктун кесепеттери тууралуу түшүндүрмө берди.