23.01.2025
Кароолор: (13)
МЭР АВТОБЕКЕТ ЖАНА БАЗАРДЫН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов шаарда курулуп жаткан автобекеттин жана базардын курулушу менен жеринен таанышты. Бүгүнкү күндө автобекеттин административдик имаратынын курулуш иштери 85%га аткарылган. Долбоордун жалпы суммасы 42,0 млн сомду түзөт. Баткен шаарынын мэриясы автобекетти куруу үчүн 1,0 га жер тилкесин бөлүп берген.
Автобекетте облустар, райондор аралык жана ички каттамдар (№101,102,103, 104), административдик орундар, тамактануу, соода түйүндөрү жана унаа токтоочу жайлар, жол жүрүүчүлөрдүн күтүү жайлары уюштурулат.
Баткен шаарында долбоордун жалпы суммасы 250,0 млн сомду түзгөн, 3 блоктон турган муниципалдык соода-сатык комплексин куруу долбоору ишке ашууда. Учурда соода-сатык комплексинин 1 жана 2 бологунда курулуш иштери жүрүүдө.
Долбоорду ишке ашыруу үчун Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак аймагынын “Айгүл-Таш” көмөк чордону участкасынан 15,0 га жер тилкесин бөлүп берген.
Долбоор толугу менен ишке берилсе Баткен шаарынын жана Баткен районунун аймагынан 2500-3500 жаран соода сатык жумуштары менен камсыз болот.
Муниципалдык соода-сатык комплексинде азык-түлүк, кийим-кече, айыл чарба, курулуш, унаа жана техникалык материалдарды сатуучу борборлор курулуп, тейлөө, тамак аш, унаа токтоочу жайлар уюштурулат.