08.05.2024

Кароолор: (20)

МЭР БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ ООРУКТУН АРДАГЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ

Бүгүн 8-майда Баткен шаарындагы ооруктун эки ардагеринен Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен шаардык Кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов жана шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери кабар алышты.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгынын урматына 1941-1945-жылдарда кан күйгөн согуш мезгилинде оор шартта оорукта эмгектенген Баткен шаарындагы Жаанбай Жороев жана Мамыт Садыковдор кабар алган жетекчилерге ыраазычылыгын билдирип, батасын беришти.

Баткен шаарынын мэриясы тарабынан эки ооруктун ардагерине 20 миң сом жана белек беришти. Ошондой эле шаардык ишканалардын жетекчилери да акчалай белектерин тапшырышты.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов ооруктун ардагерлерине “ Ден соолукта болуп, төрдүн көркү болуп жүрүңүздөр. Кан күйгөн согушта жоокерлерди, жана элди азык түлүк менен камсыз кылып, оор шартта иштегенсиздер. Сиздердин кайраттуу, талыкпаган эмгегиңиздердин артынан азыркы муунга жаркыраган, келечектүү жашоо тартуулаган сиздерге ыраазычылык”-деди.

Эске сала кетсек Улуу ата мекендик согушка Баткен шаары жана райондун аймагынан 4 миңдей жоокер аттанган. Анын 3028и кан майданда баатырларча курман болуп, 972си гана мекенине кайтып келишкен. Тилекке каршы жылдан жылга согуштун ардагерлери акка моюн сунуп олтуруп азыркы күндө арабызда эч кимиси жок.