04.10.2024

Кароолор: (17)

МЭР ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгынын эли менен Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, мэрдин орун басары Акылбек Орозов, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жолугушту.

Алгач Чет-Булак аймактык башкармалыгынын башчысы Асан Аманбаев аймакта аткарылган иштер боюнча отчет берди.

КР Президентинин жарлыгына ылайык социалдык контрак боюнча 2022-жылы 4 адам ал эми 2023-жылга 16 адам 2024-жылга 35 жаран келишим түзүп, жалпысынан 55 үй бүлө 5 млн 500 мин сом акча алышкан. Бүгүнкү күндө баары келишимде көрсөтүлгөндөй жеке ишкердик менен алектенип жатышат.

Чет-Булак аймактык башкармалыгында жаңыдан курулуп бүткөн жана курулушу жүрүп жаткан курулуштар боюнча: Муниципалдык мал базар заман талабына ылайык курулуп, пайдаланууга берилген. Аскердик Прокуратуранын имараты бүткөрүлүп ишке берилди. Экологиянын имараты да толугу менен бүтүп иштеп жатат. УКМК нын имаратынын курулуш иштери аягына чыгып бүгүнкү күндө толугу менен иштеп жатат. Мамлекеттик органдардын кызматтык үйлөрү да бүткөн. Медициналык Акедемиянын курулушу аягына чыгып жакынкы күндөрү ачылуусу күтүлүүдө. Баткен ШИИБнүн имараты курулушу келерки айларда бүткөрүлүп пайдаланууга берилгени турат. Улуттук Банктын курулушу жана БатМУнун жатаканасы бүтөөр алдында. Андан сыртары Авто бекеттин курулуш иштери жүрүп жатат. Спорт комплексинин курулушу башталды. Бүгүнкү күндө өндүрүштүк багытындагы жерде шебен, бетон заводдору иштеп жатат андан тышкары мал союлуучу жай курулуп ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Тоок фермасы ишке берилип 10го жакын адам жумуш менен камсыз болду. Асфальт заводтун курулуш иштери бүтөөр алдында турат.

Жер мунапысы боюнча Чет-Булак аймактык башкармалыгында бүгүнкү күнгө келип түшкөн арыздардын жалпы саны 780 болуп анын ичинен 460 жаранга токтом чыккан. Ал эми калган 120 жарандын жазган арызы комиссиянын кароосунда турат . Анын ичинен 40ка жакын арыз тийешелүү органдардын тергөө ишине байланыштуу каралбай турат.

Чет-Булакта көйгөйлүү болгон маселе таза суу, электр мамычалары жана электр чубалгылары, ички жолдор, сайдан өтүүчү көпүрөнүн жоктугу.

Электр мамычалары жана электр чубалгылары боюнча 2025-жылга Баткен ПЭЦ ишканасына 12 көчөгө заявка берилген. Жашылдандыруу боюнча мэрдин буюругу менен Курманжан датка көчөсүнө башынан аягына чейин 2 км жерге көчөттөр тигилип атайын жердин астынан суу казып чыгарылып тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сугарылып жатат. Таза суу боюнча бүгүнкү күндө 1000 кубттук суу кампасынан Мадина шаарчасына жана Подстанция участкасына 24 саат бою таза суу берилип жатат. Таза суу көйгөйүн чечүү максатында мэрдин тапшырмасы менен 1000 кубтук суу кампасынын жанына дагы бир 1000 кубтук суу кампасы курулуп баштады. Былтыркы жылы Араб Эмираты кайрымдуулук фондунан жалпысынан 10 км ичүүчү таза суу түтүкчөсү тартылып бүгүнкү күндө элге пайдаланууга берилди, дагы 17 км таза суу түтүкчөлөрү келээрки жылга ишке ашып калса кварталда таза сууга болгон муктаждык толугу менен чечилет. Ал эми көпүрө Арис уюму тарабынан курулушу жүргүзүлөт.

Жыйын Чет-Булак аймактык башкармалыгын башчысы Асан Аманбаевдин отчотунан соң эл менен суроо жооп иретинде жүргүзүлдү.

Чет-Булак аймактык башкармалыгынын жашоочуларынан электр энергиясы, таза-суу, жол, таштанды маселелери айтылып, ага Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов тийешелүү кызмат жетекчилерине жеринде тапшырмаларды берди.