01.12.2024
Кароолор: (4)
МЭР ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов баштаган шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери Базар-Башы жана Булак-Башы аймактык башкармалыктын эли менен жолугуп, калктын берген суроолоруна жооп берди.
Алгач Базар-Башы аймактык башкармалыгынын башчысы Кубаныч Турсунбаев аймакта жасалган иштер боюнча элге отчет бериди
Базар-Башы кварталындагы 2024-жылда аткарылган иштер.
2023-жылы мэрдин эл менен жолугушуусунда негизги койгойлордун бири болгон Раззаков жана Н. Боркошов кочолорүн асфальтоо боюнча суроо талаптар болгон эле учурда Раззаков көчөсү бүткөрүлдү. Н. Боркошов көчөсү 2024-жылдын аягына чейин бүтүп тапшыруу аллында турат
С.Айтматов мектебинин жаңы имартынын курулуш иши башталып, учурда 95% пайыз жумуш бүтүп, пайдаланууга берүү алдында турат.
Демөөрчүлөр тарабынан салынуучу бала-бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлердин имараттарына жердин документтери бүткөрүлүп, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Санарип аймак программасына киргизүү иштери жүргүзлүп Базар-Башы кварталында 900 кожолук болсо ошонун 90 пайызы түндүк системасына катталды. Ар кандай себептерден улам 10 пайыз кожолук катталбай турат.
Көчөлөрдү кеңейтүү иштери боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп кызыл сезектан чыгып кеткен үйлөр тактоого алынып, мыйзамсыз курулуштар боюнча мамлекеттик котоо ишканасынын адистери менен 105 мыйзамсыз курулган курулуштар аныкталган.
Баткен шаарынын жашоочуларынын дээрлик 95 пайыз тургунун үлүш жерлери Базар-Башы Булак-Башы кварталдарынын аймагыда болгондуктан ушул үлүш жерлерден өтөн дренаждарды тазалатуу үчүн дренаждардын көлөмүн аныктоо иштерин жер астындагы сууларды козомолдоо ишканасынын адистери менен иш жүргүзүлдү. Натыйжада 5 чакырам (км) дренаж тазаланып бүттү.
Ала-Тоо, 1-май, К.Матмусаев, Эркиндик, Турсунбай Сейдакматов, Ынтымак, Манас, С, Чокморов, Ташбеков Ачылбек, Нургазы Боркошов көчөлөрү грейдр менен тегизделип сүрдүрүлдү. Аталган көчөлөрдөгү агын суу арыктары да тазаланды. Баткен шаарынын Кызыл-Бел тараптан келгендеги Жибек- Жолу көчөсүндөгү Баткен шаары жазуусунун айланасы Манас эстелигинин айланасында да ишембиликтер өткөрүлдү.
БУУнун азык-түлүк коопсуздугунун программасынын негизинде Базар-Башы кварталынан эки долбоор колдоо тапкан, бирок азырынча баштала элек.
Соц контрактын негизинде Базар-Башы кварталынан 9 үй-бүлө 900 миң акчалай жардам алышкан.
ӨКМ нин 2025-жылдык иш планына Базар-Башы кварталынан 400метр кооптуу аймак механикалык тазалоого киргизилген.
Жыйындын кийинки бөлүгүндө Булак-Башы аймактык башкармалыгынын башчысы Ачылбек Турдубаев буга чейин жасалган иштер боюнча айтып берди.
2023-жылы мэрдин эл менен жолугушуусунда негизги көйгөйлөрдүн бири болгон И.Каюмов көчөсүн 1200 метр (тротуар) жөө жүрүүчу жол жана агын суу ноолор коюлуп, бүгүнкү күндө бүтүп тапшыруу алдында турат. И.Каюмов көчөсүндөгү электр мамычалары да алмашылды.
Базар-Башы кварталындагы 24 саатык таза суу 1км 200 метр баасы 1 млн сомдук суу түтүкчөсү Булак-Башы кварталынын башталышына чейин тартылды. Калган жактарына таза суу түтүкчөсүн тартуу аткаруу алдында турат.
Санарип аймак программасына киргизүү иштери жүргүзлүп Булак-Башы кварталында 340 кожолук болсо ошонун 97 пайызы түндүк системасына катталды, Ар кандай себептерден улам 3 пайыз кожолук каттала элек.
Көчөлөрдү кеңейтүү иштери боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызыл сызыктан чыгып кеткен үйлөр такталып жатат.
Мыйзамсыз курулуштар боюнча мамлекеттик котоо ишканасынын адистери менен мыйзамсыз 110 курулган курулуштар аныкталган.
Булак-Башы кварталынын тазалыгын камсыз кылуу максатында жергилиетүү тургундар менен ишембиликтер өткөрүлүп арыктар тазаланып турат.
Мэрия тарабынан берилген 6 даана труба, 6 даана электр мамычасы Өрүкзар, А.Дыйканов көчөлөрүнө орнотулган.
Соц. контрактын негизинде Булак-Башы кварталынан 5 үй-бүлө 500 миң акчалай жардам алышкан.
ӨКМ нин 2025-жылдык иш планыныа Булак-Башы кварталынан 200метр кооптуу аймак механикалык тазалоого киргизилди.
Булак-Башынын ички 5 км жол атайын техниканын жардамында тегизделди, шагал төктүрүү аткарууда турат.
Жыйындын кийинки бөлүгү суроо жооптун негизинде болду. Негизинен таза суу, тазалык, электр энергиясына байланышкан суроолор узатылып, ага тийиштүү кызмат жетекчилеринен эл жоопторду алышты.