05.03.2025

Кароолор: (5)

МЭР КУРУЛУШУ ЖҮРҮП ЖАТКАН АВТОБЕКЕТ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Мэр Темирболот Абыкеев Баткен шаардык муниципалдык автобекеттин курулушу менен таанышты. Бүгүнкү күндө автобекеттин административдик имаратынын курулуш иштери 95%га аткарылган. Долбоордун жалпы суммасы 42,0 млн сомду түзөт.

Автобекетте облустар, райондор аралык жана ички каттамдар (№101,102,103, 104), административдик орундар, тамактануу, соода түйүндөрү жана унаа токтоочу жайлар, жол жүрүүчүлөрдүн күтүү жайлары уюштурулат.