02.02.2024
Кароолор: (22)
МЭР КУРУЛУШУ ЖҮРҮП ЖАТКАН ОБЪЕКТИЛЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Баткен шаарынын Чет-Булак аймагында курулушу жүрүп жаткан соода борборунун курулушунан Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана орун басарлары Акылбек Орозов, Мансурбек Маматисаев, муниципалдык менчик департаментинин директору Акрам Акматов кабар алышты.
Соода борборун куруу үчүн мэрия тарабынан 3 га жер аянты бөлүнгөн.
Учурда курулуштун пайдубалын түптөө үчүн тегиздиктер алынып курулуш иштери башталган.
Соода борборун куруу үч этап менен жүрүп, 2024-жылга биринчи бөлүгү бүткөрүлөт.
Ошондой эле курулушу жүрүп жаткан муниципалдык авто бекеттин курулушунун жүрүшү жана "Ак-Сай Кент" тоок фермасынын ишмердүүлүгү менен да таанышышты.
Муниципалдык авто бекетти курууга Баткен шаарынын мэриясы 1,0 гектар жер аянтын ажыратып берген.
Курулуш иштери 2024-жылы бүткөрүлүп, шаар ичинде авто тыгынды жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Өнөр жай алкагында жеке ишкер Абдуллаев Адилет тарабынан курулган “Ак-Сай Кент” жумуртка багытындагы тоок фермасы 2023-жылдын октябрь айынан тарта ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган.
Бүгүнкү күндө тоок фермада 15 жумуш оруну түзүлүп, күнүнө 35 миң даана тоок жумурткасы өндүрүлүүдө. Келечекте ишкананы кеңейтип, чыгарылган продукциянын көлөмүн көбөйтүү, Баткен-Ош базарларына алып чыгуу пландалган.