20.02.2024
Кароолор: (9)
МЭР МЕДАКЕДЕМИЯНЫН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн 20-февралда Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов шаардын Чет-Булак аймагында курулушу жүрүп жаткан Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексинин курулушу менен таанышты.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы - 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүнгөн, мындан сырткары, 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздалат. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайыз бүкөрүлүп, ушул жылдын июль айына пайдаланууга берилет.
Ошондой эле илимге, билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин, жергиликтүү элге медициналык тейлөө жеткиликтүү болсун, аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө болгон аракет катары Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,25 га жер аянты бөлүп берилген.
Курулушу жүрүп жаткан медакедмия эки корпустан турат. Экинчи имарат жатакана болот, анын да курулушу 70 пайыз бүткөрүлгөн. Жатакана жеке ишкер тарабынан демөөрчүлүккө алынган. Бюджети 92 млн сом болуп, ичиндеги эмеректеринен бери орнотулуп, пайдаланууга берилет.
Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.