08.03.2025
Кароолор: (12)
МЭР МУНИЦИПАЛДЫК БАЗАРДЫН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев Баткен шаарындагы үч блоктон турган муниципалдык соода-сатык комплексинин курулушу менен таанышты.
Айрым кемчиликтерди жеринен чечип, тиейшелүү жетекчилерге тапшырма берилди.
Учурда соода-сатык комплексинин 1 жана 2 бологунда курулуш иштери жүрүүдө.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак аймагынын “Айгүл-Таш” көмөк чордону участкасынан 15,0 га жер тилкесин бөлүп берген.
Долбоор толугу менен ишке берилсе Баткен шаарынын жана Баткен районунун аймагынан 2500-3500 жаран соода сатык жумуштары менен камсыз болот.