20.09.2024

Кароолор: (8)

МЭР ШААРДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов шаардагы билим берүү инфраструктурасынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, С.Айтматов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушун жана Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн жеринде текшерип чыкты.

Бул объекттердин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлүшү шаар үчүн абдан маанилүү, анткени алар жаш муундардын заманбап шарттарда билим алуусун камсыздайт.

Мэр курулуш иштеринин абалы менен таанышып, жооптуу кызматкерлерге ишти мындан ары тездетүүнү жана сапатка өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.