10.03.2025

Кароолор: (15)

МЭР ШААРДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кечээ 9-мартта Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев Баткен шаарындагы бардык мектептердин азыркы абалы менен таанышып чыкты.

Шаардагы билим уяларынын имараттарынын айрымдары жаңыдан бүтүп пайдаланууга берилген мектептердеги абал негизинен жакшы экендиги айтылды. Ал эми эскилиги жеткен билим ордоролорун жаңыдан куруу зарылчылыгы бар.

Билим сапатты көтөрүүдө жакшы шарт болуусу керектигин белгилеген калаа башчысы Темирболот Абыкеев бул багытка толук көңүл буруу зарылдыгын айтты.

Мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүү менен билим сапатты көтөрүү керектигин белгилеген мэр, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине бир топ тапшырмаларды берди.