14.01.2026

Кароолор: (10)

МЭР ТАШТАНДЫ ТАШТООЧУ АЙМАКТЫ ИРЕТКЕ КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА ТАПШЫРМА БЕРДИ

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев шаардагы таштанды таштоочу полигонго барып, анын учурдагы абалы менен жеринен таанышты. Таштанды полигонуна тиешелүү шаардык жетекчилер жана экотехинспекциянын кызматкерлери да барышты.

Жеринде таштанды ташталган аймактын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле экотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте таштанды полигонун коруктап, айланасын тосуу боюнча макулдашуу жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Баткен шаарынын таштанды полигонынын жалпы аянты 25 гектарды түзөт. Бирок учурда айрым жеке жактар таштандыны белгиленбеген жерлерге таштап, полигондун аймагы иретсиз жана чаржайыт абалга келип калган.

Мэр Сейтек Кулубаев бул маселени көзөмөлгө алып, тартипти күчөтүү жана экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгын белгиледи.