26.12.2024
Кароолор: (7)
МЭРДИН БАЛАТЫСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Аппаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында Баткен шаарынын мэринин балатысы өткөрүлдү.
Жалпы Баткен шаарынын аймагынан 123 бала мэрдин балатысына келди. Шаардагы мыкты окуган, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдары чакырылган.
Мэр Имамназар Бурканов баткендик жаштарды жана балдарды жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Балдарга бекем ден соолук, окууларына ийгилик, бактылуу балалык, кең келечек, жаркын жашоо каалады.
Балаты салтанаттуу майрамында аталган драма театрдын артисттери тарабынан концерттик программа, театрлаштырылган көрүнүш, жомок тартууланды.
Жыйынтыгында иш чаранын катышуучулары балдарга мэрдин жаңы жылдык белеги тапшырылды.