28.12.2023
Кароолор: (8)
МЭРДИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН БАЛДАРГА БЕЛЕК БЕРИЛДИ

Баткен шаарындагы “Аруужан” коомдук фондунун тарбиялануучуларына белек берилди. Аталган коомдук фондтто тарбия алып жаткан майыптуулугу бар балдар үчүн бүгүн 27-декабрда “Октябр” кино театрында балдар үчүн чоң экрандан мултьфилим коюлду.
Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулган бул иш чарага мэрдин орун басары Мансурбек Маматисаев катышып, балдарды жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырды.
Баткен шаарындагы “Аруужан” коомдук фонду 2020-жылы түзүлүп, азыркы учурда 125 бала тарбияланат.
“Аруужан” коомдук фонду Бишкек, Ош шаарларынан врачтарды алдырып, балдарга кам көрөт. Ошондой эле ата энелерге тренингдерди уюштурушат. Өзөчө көңүл бурууга муктаж майыптыгы бар балдарды тарбиялоо боюнча окууларды уюштуруп турат. Башка аймактан эле врачтар келбестен Баткен облусундагы дарыгерлерда бат-баттан балдардын ден соолугунан кабар алып турушат.
Аталган коомдук фондттун директору Гулжамал Абдиева өзгөчө көңүл бурууга муктаж балдардан, Баткен шаарынын мэриясы, облустук казыяттан, жана шаардагы жеке ишкерлер кабар алып, көмөгүн көрсөтүп тураарын айтты.