20.03.2024
Кароолор: (11)
НООРУЗ МАЙРАМЫНЫН УРМАТЫНА СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛУУДА

Бүгүн 20-март күнү Баткен шаарынын борбордук стадионунда Баткен шаарынын мэриясынын жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери боз үйлөрдү орнотуп, сүмөлөк кайнатышууда.
Сүмөлөк кайнаткандардан Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев куттукташты. Ошондой эле өлкөбүздүн тынчтыгын, мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө тилектештигин билдирип, элибизге бейпилдик каалап, жакшы тилек кылышты.
Сүмөлөк түнү менен кайнатылып, эртең эрте мененки саат 10:00дө Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаевдин жана келген коноктордун катышуусунда ачылат.
Андан соң майрамдык иш чара театрлаштырылган көрүнүш менен башталат.
Нооруз майрамынын расмий бөлүгү болуп, концерттик программа, улуттук оюндар менен коштолот.