14.01.2025

Кароолор: (19)

ОБЛУС БАШЧЫСЫ БАТКЕН ШААРЫНЫН ИШКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГАТ

Эртең 15-январь күнү саат 15.00 дө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен шаарынын ишкерлери, активисттери менен "Апаз Жайнаков" атындагы облустук музыкалык драма театрында жолугушуу өткөрөт.

Урматтуу Баткен шаарынын жеке ишкерлери, соода түйүн, базар, мейманкана, тамактануучу жай ээлери жолугушууга келип, Президенттин өкүлүнө болгон суроолоруңузду берип, жеринен жооп алсаңыздар болот.