30.11.2024

Кароолор: (6)

ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА БИЛИМ ТАЙМАШЫ ӨТТҮ

Баткен шаарындагы Сыдык Айтматов орто мектебинде окуучулар арасында “Билге” билим таймашы өткөрүлдү.

Баткен шаарынан 8 мектептен 10 команда, ошондой эле Баткен районунун аймагынан 4 мектептен 4 команда катышты.

Билим таймашы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп, суроолордун көпчүлүгүн тарых түзүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Биринчиликти Баткен облустук гимназия мектеби багындырган, экинчини Баткен районунан Жаңы-Жер орто мектебинин окуучулары алган болсо үчүнчүнү Баткен шаарындагы В.И. Ленин орто мектебинин окуучулары ээлеген.

Таймашта уткан окуучуларга баалуу белектер, китеп берилди. Ал эми катуушулардын баарына сертивикат тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын (№270. 24.X.2023) негизинде белгиленип жаткан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Грэпплинг AIGA Федерациясынын Президенти Бакир уулу Жылдызбектин демилгеси менен Баткен шаарынын жана Баткен районунун мектеп окуучуларынын арасында, “Билге” билим таймашы өткөрүлдү.

Ал эми уюштуруу жагын Баткен шаарындагы С.Айтматов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Минавар Өмүрбекова колго алган.