15.02.2024

Кароолор: (33)

ООГАН СОГУШУНА 35 ЖЫЛ

Бүгүн 15-февралда Баткен шаарындагы Жеңиш паркындагы эстелик жанында Ооган согушунун бүткөндүгүнүн 35 жылдыгы белгиленди.

Ага Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, аскер комиссариатынан, Ооган согушунун ардагерлери катышты.

Мэр Имамназар Бурканов өз сөзүндө “Аскердик антка бекем турган жоокерлер Ооган согушунда каармандык жана эрдик менен салгылашып, өздөрүнүн мекенчилдигин жана майтарылбас эрдигин көрсөтө алышты. Ооган согушунда жүздөгөн кыргыз жоокерлер арасында Баткен шаарынын эр жүрөк атуулдары-башкача айткан сиздер бар болчусуздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Ата журтту коргоодо сиздер ар дайым алдыңкы катарда жүрөсүздөр. Баткен окуясы, чек ара жаңжалдары, Ош окуясы сөзүбүздүн далили болмокчу.”-деди.

Курман болгон жоокерлердин урматы үчүн асманга ок атылып, маркумдардын арбайына багыштап куран окулду.

Ошондой эле мэр Имамназар Бурканов Баткен шаарындагы ар бир Ооган согушунун ардагерлерине акчалай сыйлык тапшырды.

Эске сала кетсек Баткен шаарынан Ооган согушуна 19 эр азамат катышкан болсо, бүгүнкү күндө катарыбызда 15 согуш ардагери бар.