14.02.2025
Кароолор: (10)
ООГАН СОГУШУНУН АЯКТАГАНЫНА 36 ЖЫЛ

Баткен шаарындагы Жеңиш паркындагы эстелик жанында Ооган согушунун бүткөндүгүнүн 36 жылдыгы белгиленди.
Ага Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, аскер комиссариатынан, Ооган согушунун ардагерлери катышты.
Алгач эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, Ооган согушунда курман болгон жоокерлердин урматы үчүн асманга ок атылып, маркумдардын арбайына багыштап куран окулду.
Баткен шаарындагы Ооган согушунун ардагерлерине арналган дасторкон уюштурулуп ага мэр Имамназар Бурканов өзү катышып, “Аскердик антка бекем турган жоокерлер Ооган согушунда каармандык жана эрдик менен салгылашып, өздөрүнүн мекенчилдигин жана майтарылбас эрдигин көрсөтө алышты. Ооган согушунда жүздөгөн кыргыз жоокерлер арасында Баткен шаарынын эр жүрөк атуулдары-башкача айткан сиздер бар болчусуздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз.”-деди.
Ошондой эле мэр Имамназар Бурканов Баткен шаарындагы ар бир Ооган согушунун ардагерлерине акчалай сыйлык тапшырды.
Эске сала кетсек Баткен шаарынан Ооган согушуна 19 эр азамат катышкан болсо, бүгүнкү күндө катарыбызда 15 согуш ардагери бар.