18.03.2024
Кароолор: (9)
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду Баткенде

Эртең 19-март күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы А.К.Аалиев баштаган жумушчу топ жергиликтүү жеке ишкерлер менен жолугушат.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратында өткөрүлөт.
Жыйында өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоо багыттары жана шарттары боюнча кенен маалымат алсаңыздар болот.