01.10.2024
Кароолор: (8)
ПАЙДАЛАНУУГА БЕРҮҮ АЛДЫНДА ТУРГАН ИМАРАТТАР МЕНЕН МЭР ТААНЫШТЫ

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов шаар аймагында пайдаланууга берүү алдында турган имараттардын абалы менен жеринен таанышып чыкты.
Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгында курулган кызматтык үйлөрдө дээрлик жашоого шарт түзүлгөн. Короо жайларында тегиздөө иштери бар болгондуктан ага тийешелүү кызматтарга мэр жеринен тапшырма берип, ал иштер аткарууга алынды.
Борбордук стадиондо жайгашкан спорттук зал аяктап, ичиндеги спорттук шаймандар толук алынып, пайдалануу алдын да турат.
Жеңиш паркында жайгашкан Rest Point толук аяктаган. Пайдалануу алдында турган имаратта дүкөн, даараткана, авто заряд кылууга жана кофе ичүүгө шарт жаралат.
Ошондой эле азыр курулушу жүрүп жаткан Сыдык Айтматов атындагы 500 орундуу орто мектеби менен да таанышты. Жаңы курулуп жаткан мектеп жакынкы күндөрдө окуучуларды кабыл алат.