05.12.2024

Кароолор: (5)

СЕЛДЕН КОРГОНУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов жана тийешелүү кызмат жетекчилери Баткен шаарынын аймагындагы кооптуу делген тилкелерди жеринен көрүп чыгышты.

2025-жылга карата капиталдык курулуш жана авариялык калыбына келтирүү жумуштары боюнча берилген сунуштун негизинде объекттердин долбоору даярдалып, коргоо чаралары жүзөгө ашат.

Келээрки жылы механикалык тазалоо иштери Чет-Булак аймактык башкармалыгында 1 чакырым, Келекчек аймактык башкармалыгынын аймагынан 600 жана Базар-Башы аймакытык башкармалыгында 400 метр жер өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан тазаланат. Ал эми Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймактык башкармалыгындагы сел өтүүчү сайды механикалык тазалоо да планга киргизилип, бир жарым чакырымын тазалоо болот. Ошондой эле Кызыл-Жолдо талапка жооп бербеген көпүрөнү Баткен шаарынын мэриясы кийинки жылдын бюджетине киргизип, куруп берет.

ӨКМ Баткен шаарынын ортосунан сел өтүүчү Курук сайдын 6 чакырымын бекемдеп куруу жагын пландаштырды, долбоор даярдалып, сай жээктери бекемделсе 150 дөн ашуун жеке турак үйлөр жана 16 дан ашуун социалдык мекеме ишканалар корголот.