21.06.2024

Кароолор: (9)

ШААР АЙМАГЫНДАГЫ 29 АДАМ СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТ АЛАТ

Баткен шаарынын мэриясы түзгөн комиссиянын негизинде шаар аймагындагы 29 үй бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Комиссия “Социалдык контракт” программасына катышууга арыз жазган жарандардын бизнес пландарын карап чыгып, алардын 100 миң сомду иштетүүдөгү пландары жактырылды.

“Социалдык контракт” алуучулардын 100 миң сомду кандай иштете тургандыгы тууралуу:

1.Кой, эчки жана тоок багууну 11 адам пландаган.

2. Курулуш шаймандарын ижарага берүү 1

3.Тигүүчүлүк 6

4. Соода сатык 3

5. Кулинария (Ун азыктар) 2

6. Навайкана ачуу 2

7. Унаа жана килем жуучу жай ачуу 1

8. Автоэлектрик жана автодиагностика 1

9. Тез татым ачуу 1

10. Кулпунай өстүрүү боюнча 1 адам

Жалпы 29 адам жогорудагыдай бизнес пландарын түзүшкөн.

Эске сала кетсек социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк”жөлөк пул алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр каражат ала алышат. Үй-бүлө эмгек жана мүлк потенциалына ээ болушу керек, ошондой эле чыныгы бизнес-план түзүшү керек.

Социалдык контракт түзүүдө артыкчылык 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, «бир айыл – бир продукт» долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес планы бар үй-бүлөлөргө берилет.