24.11.2023

Кароолор: (20)

ШААР ТУРГУНДАРЫ ҮЧҮН ФУТБОЛ УЮШТУРУЛДУ

 

Бүгүн 24-ноябрда Баткен шаарында мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата футбол өткөрүлүүдө.

Мелдешке 6 кварталдын тургундарынан түзүлгөн командалар катышууда. Иш чара Баткен шаарынын мэриясы жана шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов спорттук иш чаранын ачылышында: “Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата, өткөрүлүп жаткан спорттун футбол оюну шаар калкын спортко болгон кызыгуусу сергек жашоого үгүттөрү анык. Ошондой эле ар бир катышып жаткан команда акчалай байгеге ээ болот”-деди.

Спорттук иш чара 40 жашка чейинкилер жана 40 жаштан жогоркулар арасында өз өзүнчө өткөрүлүүдө. Ар бир кварталдан 2ден команда болуп, жалпы 12 команда мелдешип жатат.

Биринчиликти камсыз кылган команда 15 миң сом, экинчиликти алган команда 10 миң сом, үчүнчү орунду жеңген команда 6 миң сом жана калган оюнга катышкан командаларга алган орундарына карата 4 миң, 3 миң жана 3 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Мындан сырткары жаштар арасында өткөн футбол командаларына да жогоркудай акчалай сыйлык коюлган. Ошондой эле “Мыкты машыктыруучу”, “Мыкты оюнчу”, “Эң көп гол киргизген”, “Мыкты чабуулчу” аталышында да сыйлыктар коюлган.

Жалпы байге фонду 90 миң сомду түзүп, каражат Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан берилет.