09.01.2024
Кароолор: (13)
ШААРДА БААЛАР КӨЗӨМӨЛДӨ

Бүгүн 9-январда Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен облустук монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери шаарда сатылып жаткан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүздү.
Сапатына жараша көмүрдүн килограммы 8 сом 50 тыйындан, 9 сом 50 тыйынга чейин сатылууда.
Бүгүнкү жүргүзүлгөн мониторингде Баткен облустук монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын койгон баасынан жогору саткан ишкерлер катталган жок.
Ошондой эле Баткен шаарынын мэриясы Сүлүктүдөн көмүрдү ортомчусу жок, алдырып, шаардыктарга килограммын 8 сомдон сатыка койгон.
Буга чейин шаардагы социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө "Кыргызкөмүр" ишканасы менен биргеликте арзандатылган килограммы 5 сомдон болгон 250 тоннадан ашык көмүр келип сатылган. Арзандатылган көмүр мындан кийин да келип, муктаждарга сатылат.
Көмүр бааларынан сырткары Баткен шаарынын мэриясынын жана Баткен облустук монополияга каршы жөнгө салуу кызматкерлери шаар аймагында нан жана нан азыктарын сатуу иштерин жүргүзгөн субъектерге нандын белгиленген баасынан ашып кетүүсүнө жол бербөө максатында моноиторинг жүргүзүштү.
Нандын баасы жана салмагы боюнча текшерүү учурунда атайын белгиленген стандартка жооп бербеген учур катталган жок.
Максимумдук деңгээл 1 кг бөлкө нандын дүң баасы 56,5 сом болуп, чекене баасы 65 сом болушу шарт.
Ал эми 1 кг тандыр нандын дүң баасы 99 сом, чекене баасы 116 сом деп бектилген.