07.10.2024

Кароолор: (7)

ШААРДАГЫ АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫКТАР ОРТОСУНДА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрь күнү Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда болгон согушта баатырларча курман болгон Баткен шаарынын тургуну Ачылбек Ташбековдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Баткен шаарындагы 6 (алты) аймактык башкармалыктын спорт сүйүүчүлөрү ортусунда болгон волейбол мелдеши эркектер командасы жана кыз-келиндер ортосунда өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталып, сыйланды.

Эркектер арасында болгон мелдеште биринчиликти Келечек аймактык башкармалыгынын спортчулары ээледи. Экинчини Кызыл-Жол аймактык башкармалыгы алып, үчүнчүнү Чет-Булак аймактык башкармалыктын волейболчулары багындырышты.

Кыз-келиндер арасында болгон мелдеште биринчиликти Кызыл-Дөң аймактык башкармалыктын айымдары ээлешти. Экинчи орунду Бызар-Башы аймактын башкармалыктын спортчу айымдары алган болсо үчүнчүнү Келечек аймактык башкармалыктын айымдары ээлешти.

Жеңүүчүлөргө Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан акчалай сыйлык, диплом, медаль жана кубок тапшырылды.