02.09.2024

Кароолор: (6)

ШААРДАГЫ БИЛИМ УЯЛАРЫ ЭШИГИН АЧТЫ

Бүгүн 2-сентябрь жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн жаны күрөштүн башталышы. Баткен шаарындагы билим берүү мекемелери окуучуларды кабыл алып, өз ишмердүүлүгүн баштады.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсан Турдубаев №3 Айтпай Имаров атындагы Кызыл-Топу атындагы орто мектебине барып, 1-класс болгон балдардын жашоосунун жаны этабы менен мугалимдерди билим күнү менен куттуктады.

“Баткен шаарынын билим берүү тармагындагы бардык жетишкендиктерге Сиздердин салымыныздар чон. Сиздерди ары түйшүктүү жана жооптуу кызматыңыздарда ийгиликтерди каалаймын. Башталып жаткан жаңы окуу жылында сиздерге бекем ден-соолук, жаратмандык жана албан ийгиликтер коштосун.” -деди калаа башчысы Имамназар Бурканов

Салтанаттан соң мэр ачык сабактарга катышып, мугалимдерге ийгилик каалады.

Шаардагы мектептердеги салтанатка Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлеринен бөлүнгөн кызматкерлер барып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Эске сала кетсек быйыл 1-сентябрь дем алыш күнүнө туш келип, 2-сентябрда билим уялары эшигин ачты.