25.12.2024

Кароолор: (13)

ШААРДАГЫ “НУР” БАЛДАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ БОРБОРУНДАГЫ БАЛДАРГА БЕЛЕКТЕР БЕРИЛДИ

Бүгүн 25-декабрда Баткен шаарындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун тарбиялануучуларын Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов кирип келген жаңы жыл менен куттуктап, аларга белектерди берди.

Табиялануучулар келген конокторго өздөрү даярдаган чакан майрамдык концертин тартуулашты.

Баткен шаарынын мэриясынын карамагында турган аталаган борбор ар дайым камкордукта болуп, балдарга керектүү буюмдар, тамак ашын, тарбиячылардын айлык акысын колго алган. Ошондой эле бул борборго демөөрчүлөр да четте карап турбастан колдоолорун көрсөтүп турушат.