27.06.2024
Кароолор: (5)
ШААРДАГЫ ЖОЛ БОЮНДА ИРЕТСИЗ СООДА КЫЛГАНДАР ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

Бүгүн 27-июнь күнү Баткен шаарындагы жол боюна унааларды коюп, коон, дарбыз саткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Баткен шаарынын мэрия жана Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери биргеликте шаардыктарга жана конокторго тоскоол жаратбоо максатында соодагерлерге жол боюнда коон, дарбыз сатууга болбой тургандыгын түшүндүрүү менен эскертүү беришти.
Ал эми соодагерлерге мэрия тарабынан шаардын күн чыгыш тарабынан тагыраагы борбордук мечит менен Айдаралы базарынын ортосунда жайгашкан аянттан атайын жай ажыратып берди.
Мыйзамга биш ийбей өз билемдик менен каалаган жерде соода жүргүзгөн жарандарга айып пул салынаары эскертилди.
Жер жемиштердин бир жерде сатылуусунун дагы бир ыңгайлуулугу, коон, дарбыздын сапатын текшерүүдө атайын кызматтар ишин ыкчам аткарууга шарт түзүлөт.