02.02.2024
Кароолор: (13)
ШААРДЫКТАР ҮЧҮН СЕЙИЛДӨӨ ПАНОРАМАСЫ КУРУЛАТ
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги
“Капиталдык курулуш” муниципалдык ишканасы шаарды бийиктен карап, эс ала турган жайдын эскизин түздү.
Баткен шаардык Кеңештин депутаттары XXII сессиясында долбоорду колдоого алышты.
Кызыл-Дөң аймагында жайгашкан Кызыл-Дөң тоосуна курула турган бийиктиктеги эс алуучу жайы 2024-жыл ичинде толугу менен ишке ашырылат. Эс алуу аймагына суу тартылып, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле Өрүкзар мейкиндигине бийиктен көз чаптырып, эс алууга мыкты шарт түзүлөт.