18.04.2024

Кароолор: (19)

ШААРДЫН АЙМАГЫНДАГЫ МАЛ ЖАНДЫКТАРДЫ ЖАЙЫТКА ЖӨНӨТҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн 18-апрель күнү мэрдин орун басары Акылбек Орозовдун катышуусунда жайыт пайдалануучулар менен биргеликте, мал жандыктарды жайлоого жөнөтүү жана жыйтты пайдалануу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жандыктарды жайытка жөнөтүүдө мал ээлерине коюлуучу талаптар жана санитардык нормаларды сактоо тууралуу айтылып, аны аткарууга тийешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

Жыйында жакынкы жайыттарга чыгуу мөөнөтү 1-майга белгиленди. Ал эми алыскы жайытка чыгуу күнү 20-майдан башталаары айтылды.

Эске сала кетсек Баткен шаарынын аймагында бодо малдын саны үч жарым миңге жакын, кой жана эчкилер саны он миңдин тегерегинде.