26.11.2024

Кароолор: (5)

СОЦИАЛДУК МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн 26-ноябрда Баткен шаарын мэриясында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башчысы Мансурбек Маматисав, мекеме ишкалардын жетекчилери жана дин өкүлдөрү катышкан жыйын өттү.

Жыйында жалпысынан 4 маселенин айланасында сөз болду.

1. Баткен шаарындагы үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук зомбулуктун 2024-жылдын 9 айындагы абалы боюнча.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу жана КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “КРнын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чараралар жөнүндө № 54 Жарлыгынын талаптарын аткарылыш.

3. Шаар аймагында жугуштуу сарык, бруцеллез, кызамык, эхинококкоз оорууларынын алдын алуу.

4. КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2023-жылдын 5-октябрындагы №32-9968-тапшырмасына жана КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы №68-токтомуна ылайык аймакта “Өкмөттүн акселераторлор” прогаммасы.