08.03.2025
Кароолор: (16)
СТАДИОНДУН КУРУЛУШУ БАШТАЛАТ

Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев бүгүн 8-март күнү стадион курула турган Чет-Булак аймактык башкармалыгына барды. Тийешелүү кызмат ээлерине жеринен тапшырма берип, убакыттын аздыгын эске салып, ошол эле маалда сапаттуу куруу боюнча курулуш ишин тездетүүнү тапшырды.
Курулуштун башталышына 10-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосу менен 1 миллиард сом которулат.
Эске сала кетсек өткөн айдын соңунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда, Баткен шаарына 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан стадиондун курулуусуна мезгил кутусу салынган.