08.01.2024

Кароолор: (10)

СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

Калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын саясий, социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Баткен шаарынын тургуну Шарапат Сулайманова 2023-жылдын “Жылдын мыкты инсаны”-деп табылып, сыйлыкты Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов тапшырды. Ошону менен бирге “Ак элечек даткайым” медалы менен “Асылзат Нуру” коомдук фонду тарабынан сыйланды.

Шарапат Сулайманова Баткен шаарында “Элден элге”-деп дүкөн ачып, муктаж адамдар ал жерден өзүнө керектүүнү акысыз алып кете алышат. Негизги каржы жагын өлкөдөн сыртта жүргөн мекендештер колго алышкан. Дүкөн 5 айдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Ошону менен катар Баткен шаарындагы Булак-Башы аймактык башкармалыгынын башчысы Ачылбек Турдубаев жасап жаткан ишинде мыкты деп табылып Баткен шаарынын мэриясы тарабынан “Ардак громата” менен сыйланды.

Сыйлык бүгүн 8-январда Баткен шаарынын мэриясында тапшырылды.