18.11.2025
Кароолор: (12)
ТАМАК-АШТАН УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн, 18-ноябрда, Баткен облустук санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери, УТРК Баткен телеканалынын журналисттери менен биргеликте тамак-аш коопсуздугун алдын алуу максатында тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча телерейдке чыгышты.
Телерейд КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен мэрдин протоколдук тапшырмаларынын алкагында жүргүзүлдү.
Рейддин алкагында М.Нургазиев көчөсүндөгү тамак-аш саткан жайлар, кафе жана тез татым түйүндөрү текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталып, ишкерлерге аны жоюу боюнча мөөнөттөр белгиленди.
Белгиленген мөөнөттө талаптар аткарылбаса, тиешелүү мыйзамдардын негизинде чаралар көрүлөрү эскертилди.




