06.11.2024

Кароолор: (13)

ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ

Бүгүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул күндөрү эл башынан өткөргөн окуялар, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башатында турган патриоттор, тарыхта көрүнүктүү из калтырган карапайым адамдар жана өлкөбүздүн тарыхын жараткан инсандар эскерилет.

Баткен шаарында болгон эскерүү иш чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, ардагерлер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Эскерүү иш чарасын Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов ачып: - “Тарыхта аталарыбыз Улуу Үркүндү, Октябрь революциясын башынан кечирген.

Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук, мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды.

Ар бирибиз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезе билүүбүз керек”- деди

7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыялангандан соң бул күндөр кызыл менен белгиленип, расмий майрам болуп саналган.

Эске сала кетсек КРнын Президентинин Жарлыгы менен “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” 2018-жылдан бери белгиленүүдө. Ага чейин Октябрь Революциясынын майрамы катары эсептелип келген.