04.07.2024
Кароолор: (9)
ТАЗАЛЫК ИШКАНАСЫ АРЫК БОЮНДАГЫ ЧӨПТӨРДҮ ОРУУДА

Баткен шаарындагы арык боюнда өскөн чөптөрдү Баткен шаардык муниципалдык тазалык ишканасынын кызматкерлери оруп, иретке келтирип жатышат.
Мындай иш аракеттер 15 күндөн ашык убакытты талап кылат.
Баткен шаардык муниципалдык тазалык ишканасынын башчысы Чыңгыз Мурадалиев буга чейин шааардагы арык боюндагы чөп тазаланып, орулбаганын маалымдады. Быйылкы жылдын эсебинен Баткен шаарынын мэриясы муниципалдык тазалык ишканасына кошумча акча каражатын бөлүп, кошумча кызматкерлер алынган.