21.08.2024
Кароолор: (6)
ТӨРТ-КҮЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДА ЭМГЕКТЕНГЕН ИНСАНДЫН ЫСЫМЫ КӨЧӨГӨ ЫЙГАРЫЛДЫ.

Баткен шаарындагы көчөлөрдүн бирине Сабир Алишеровдун ысымы ыйгарылды. Ачылуу аземине Баткен шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Аширов, Баткен шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери жана жакын туугандары, көчөнүн жашоочулары катышты.
Айдоочулук кесипти аркалаган Сабир Алишеров 1926-жылы төрөлгөн. СССРдын убагында Ош облустук кеңешинин депутаттыгына шайланган. Ал эмгек жолунда көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Төрт-Күл суу сактагычын курууда үзүрлүү эмгектенип, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен
сыйланган.
Жаңы ысым ыйгарылган көчө мурда Жолдошбай Момунов атындагы көчө болуп аталып турган.