14.10.2024

Кароолор: (4)

УНАА ӨТҮҮЧҮ ЖОЛДО СООДА САТЫК КЫЛГАНДАРГА РЕЙД ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

Бүгүн 14-октябрда Баткен шаарында жол боюна унааларды иретсиз коюп, соода жүргүзүп жаткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери “соода сатык” аталышындагы рейд өткөрүүдө. Шаардыктарга жана конокторго тоскоол жаратып, жол боюнда иретсиз соода сатык жүргүзгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрымдарына протокол толтурулуп, айып пул салынды.

Мыйзамга биш ийбей өз билемдик менен Баткен шаарынын мэриясы көрсөтүп берген жерде эмес каалаган жерде соода жүргүзгөн жарандарга айып пул салынаары эскертилди.

Эске сала кетсек Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери ушул жылдын 14-октябрынан 18-октябрына чейин Баткен шаарынын аймагында “соода сатык” аталышындагы рейт жүргүзөт.