05.03.2024
Кароолор: (8)
Урматтуу Баткен шаарынын айымдары жана мырзалары!

Жаз айынын алгачкы күнүндѳ кыргыз элинин маанилүү майрамдары болгон эгемен мамлекеттибиздин ѳз алдынчалыгын далилдеген Кыргыз мамлекеттинин Туу күнүн жана улуттук баш кийими болгон ак калпак күнүн белгилеп келебиз.
Бул даталуу күндөр мекенчилдик сезимдер менен белгиленип, элибиздин жашоо-турмушунда эң маанилүү күндѳрдүн бири болуп калды.
Улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынып, официалдуу статусун алган бул күндү өзгөчө белгилөө менен эртеңки келечекке жана анын ээлерине улуттук баалуулугубуз катары өткөрүп берүү, жаштарды тарбиялоо ар бирибиздин алдыбызда турган милдетибиз.
Урматтуу шаарыбыздын тургундары!
Сиздерди 5-март - Ак калпак күнү менен Баткен шаарынын мэриясынын аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын!
Биздин салттуу баш кийим – ак калпагыбыз улуттун улуулугун сактап, байыркы нарк-насилибизди, асыл-наркыбызды, кылымдар сынынан өткөн маданиятыбызды дүйнөгө таанытып келет. «Асмандан жарык кѳрсѳң жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» деген ураанда айтылгандай, улутту тааныткан баш кийимибиз муундан-муунга сакталып, ар бир кыргыз жигити башынан түшүрбѳй кийип жүрсѳ деген изги тилегибиз жогору.
Сиздерге жашоодогу бардык жакшылыктарды, узун өмүрдү, жооптуу жана түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөргө бакыт таалайды каалаймын!
Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү куттуу болсун!
Урматым менен,
Имамназар Бурканов,
Баткен шаарынын мэри