21.03.2024

Кароолор: (13)

Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана кадырлуу коноктору!

Баарыӊыздарды жаӊылануунун, жакшылыктын жышаанын алып келген Улуу Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Ушул улуу майрам менен баарыӊыздарды куттуктап, жаз айы менен келген Улустун улуу күнү жалаӊ жакшылыктарды, жаӊы ийгиликтерди, ырыс-дɵɵлɵттү алып келүүсүнɵ тилектештигимди билдирем.

Жаңырган жаз айындагы Нооруз майрамы аманчылыкты, мол түшүмдү, токчулукту, ырыскыны алып келсин.

Баарыӊыздарга майрамдык маанай, аманчылык, бекем ден соолук, үй-бүлɵлүк бакубат турмуш каалайм.

Эл-жерибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун. Эгемен Өлкөбүз, анын ичинде Баткен жергебиз ɵнүгүп-ɵсɵ берүүсүнɵ чын жүрɵктɵн тилектешмин.

Урматым менен,

Имамназар Бурканов,

Баткен шаарынын мэри