31.08.2024
Кароолор: (8)
Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору,

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн – 33 жылдыгы,
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык майрамы менен куттуктаймын!
Бүгүн — биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн.
Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз.
Эркиндигибиз — ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган ыйык сезимибиз.
Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аянбай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз!
Кыргызстан көптөгөн кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан өнүгүү жолуна түштү. Көйгөйлөр арбын болгону менен сыймыктана турган иштер көп.
Азаттык алган күнүбүз менен дагы бир жолу Баткен шаарыбыздын калкын куттуктаймын! Өлкөбүз өнүккөн өлкөлөрдүн катарында болсун!
Майрамыңыздар менен!
Баткен шаарынын мэри
Имамназар Бурканов