10.04.2024
Кароолор: (8)
Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору! Жалпы момун мусулмандар!

Сиздерди айлардын султаны болгон ыйык Рамазан айынын орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.
Орозо айт - касиеттүү, элдин биримдигин бекемдеген, кайрымдуулугун, боорукерлигин арттырган ыйык майрам.
Урматтуу жалпы момун мусулман бир туугандар!
Ыйык Рамазан айында кармаган орозоңуздар, айт намазыңыздар кабыл болуп, орозо айтта тилеген аруу тилегиңиздер, ойлогон асыл ой-максатыңыздар ишке ашсын!
Ар бир үйдө ырыс-ынтымак, аманчылык, кут, береке болсун! Ыйык рамазан айында кылган тилектерибиз кабыл болуп, калкыбыз ооруу сыркоодон алыс болсун.
Жараткандан жакшылыкты, элибизге ырыс-ынтымак жана биримдикти, өлкөбүздө өнүгүү болуп, бакубатчылык жана тынчтык өкүм сүрүшүн тилек кылалы.
Кыргызстаныбыз гүлдөп өскөн, өнүккөн өлкөгө айлансын!
Дагы бир жолу окуган айт намазыңыздар кабыл болсун!
Баткен шаарынын мэри
Имамназар Бурканов