19.05.2024
Кароолор: (10)
Урматтуу энелер, ардактуу апалар!

Сиздерди бүгүнкү - Энелер күнү майрамыңыздар менен Баткен шаарынын мэриясынын жана өзүмдүн атымдан чын ыкластан куттуктаймын.
"Бейиш-энелердин таман астында" деп бекеринен айтылбаган чыгар. Чындыгында адам баласына жашоо берип, өмүр көчүн улаган энелер. Баласы үчүн бардыгына кайыл болуп, түн уйкусун уктабай, алдей айтып, бапестеп баккан ыйык жандар-булар энелер.
Энелер-ааламдын туткасы, үйдүн куту. " Бешик терметкен кол, ааламды терметет" дегендей, энелер тынчтыктын жарчысы.
Энелер ак жоолугун булгалап керек болсо согушту да токтоткон. Энелер калыс сөзүн айтып, кыргыздын каада-салтын, наркын сактап кийинки муундарга үлгү кылып өткөрүп келет.
Кыргыздын кыраан энеси Курманжан Датка бүтүндөй кыргыз тарыхында тынчтыктын, улуулуктун, акылмандыктын символу катары данкталып келет.
Энелер-ак ниеттүүлүктү, мээримдүүлүктү, боорукердикти , акылгөйлүктү алып жүрүүчүлөр. Эненин тилегиндей аруу тилек жок, эненин ниетиндей тунук ниет жок, эненин батасындай - ыйык бата жок.
Андыктан бар болуңуздар ардактуу апалар, дагы бир жолу майрамыңыздар менен ак дил, чын ыкластан куттуктаймын.
"Энелердин жолу улуу",- дейт. Сиздерге ар дайым улуулукту, бийиктикти каалайм. Заманыбыз тынч, элибиз аман, сиздер бар болуңуздар!