10.03.2024
Кароолор: (9)
Урматтуу жалпы момун мусулман бир туугандар!

Сиздерди ыйык, берекелүү болгон, Алланын нуру жааган Рамазан айынын башталышы менен куттуктаймын!
Айлардын падышасы, сооптун, достуктун, ыктымактын, берекенин , тынчтыктын, сабырдын, жан дүйнө тазаруунун, аруулуктун, кечиримдин айы болгон берекелүү "Рамазан" айында ибадат амалдарыбыз, туткан орозобуз, намазыбыз, зикирлерибиз кабыл болсун.
Ошондой эле баардыгыңыздарга бекем ден соолук каалоо менен ниет, тилектериңиздердин орундалышын Аллахтан тилейм.
Жерибизде тынчтык, ар бир үй-бүлөдө ынтымак, бакубатчылык жана жакшылыктар болсун. Эли жерибизге Аллахтын берекеси жаасын. Жашооңуздар Исламдын нуруна толсун.
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Рамазан айы куттуу болсун!
Урматым менен
Имамназар Бурканов
Баткен шаарынын мэри.