01.07.2024
Кароолор: (10)
ЖАЙКЫ ЛАГЕРГЕ БАЛДАР ЖӨНӨП КЕТТИ

Баткен шаарындагы 80 окуучу жайкы эс алуу лагерине Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 10 күнгө жөнөтүлдү.
Бүгүн 1-июль күнү шаардагы чек арада болгон согушта каза болгондордун, аз камсыз болгон, окууларында ийгилик жараткан балдар жана мекеме ишканаларда иштеген жарандардын балдары жайкы лагерге жөнөтүлдү.
Баткен шаарынын мэриясы 480 миң сомго тендер жарялаган. Аны “Дары-Булак” балдардын ден соолугун чыңдоочу борбору уткан.
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов окуучуларды эс алууга узатуу аземинде ата-энелерге балдардын коопсуздугун укук коргоо органынын кызматкерлери жана ден соолуктарына кам көрүү үчүн дарыгерлер 10 күн бою коштоп жүрөөрүн белгиледи.
Жыл сайын Баткен шаарынын мэриясы окуучуларды лагерге жөнөтүп турат, былтыркы жылы 40 окуучуну эс алдырган болсо быйыл 80 окуучуну жөнөттү.