14.05.2024
Кароолор: (13)
ЖАКЫНКЫ КҮНДӨРДӨ БАТКЕН ШААРЫНДА ТӨРТ КӨЧӨ КЕҢЕЙТИЛИП, ТРОТУР КУРУЛАТ.
Баткен шаарынын мэрясынын, архитектура жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери Баткен шаарындагы короолору кызыл сызыктан чыгып кеткен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чектен чыккан короолорду белгилеп чыгышты.
Узундугу бир чакырымдан ашык Максут Сейдалиев көчөсүнүн жашоочуларына эскертүүлөр берилип, дубалдарга белгилер коюлду. Жолдун эки тарабына тең жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулат. Жашоочуларга шарт түзүү максатында Баткен шаарынын мэриясы үч жыл аралыгында 20 чакырымдан ашуун көчөлөр кеңейтилгендигин билдирет.
Белги коюлган көчөлөрдүн дубалдары жана курулуштары он күн аралыгында алынышы керек. Кандай болгон шартта да жергиликтүүлөр колдоолорун көрсөтүшөөрүн билдирди.
Жакынкы күндөрү шаардагы Имет Кайымов, Самат Сыдыков, Исхак Раззаков көчөлөрүн кеңейтүү иштери жүргүзүлөт. Баткен шаарынын мэриясы жергиликтүү жашоочулардан кызыл сызыктан чыгып кетпей же чыккан курулуштарды өз убагында алуусун суранат.