08.01.2024
Кароолор: (18)
Жаңы дайындоо!

Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Бегалиев Мамасалы Сатыбалдыевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка Баткен шаарынын мэри Бурканов Имамназар Апызович кол койгон.
Бегалиев Мамасалы Сатыбалдыевич 1970-жылдын 23-мартында Баткен районуна караштуу Кан айылында төрөлгөн.
Ал 1988-жылдан 1989-жылга чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы СССРдин 60 жылдыгы атындагы Кыргыз Улуттук Мамлекеттик Университетин аяктаган.
Алгачкы эмгек жолун 1993-жылы Баткендеги В.И.Ленин атындагы орто мектепте тарых мугалими болуп баштаган.
1996-жылдан 1997-жылга чейин Баткен райондук мамлекеттик администрацияда референт болуп иштеген;
1997-жылдан 2000-жылга чейин Баткен райондук Билим берүү бөлүмүндө кадырлар кызматынын инспектору;
2000-жылдан 2001-жылга чейин Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жаштар иши боюнча департаментинин башчысы;
2001-жылдан 2003-жылга чейин Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык-маданий бөлүмүнүн жетекчиси;
2003-жылдан 2004-чейин Баткен облустук социалдык-маданият башкармалыгында башкы адис;
2004-жылдан 2006-жылга чейин Баткен облустук туризм, спорт жана жаштар саясаты департаментинин башчысы.
2006-жылдан 2009-жылга чейин Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча комитетинин координатору;
2009-жылдан 2011-жылга чейин Баткен шаарынын мэриясында өнөр жай, курулуш жана айыл чарба секторунун башчысы.
2014-жылдын март айынан 2014-жылдын октябрь айына чейин Баткен шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башчысы;
2023-жылдын ноябрь айына чейин Баткен облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгында башкы адис болуп иштеген.
Үй бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы