30.12.2023

Кароолор: (38)

ЖАҢЫ ЖЫЛДА ЖАҢЫ МАЛ БАЗАР ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн 30-декабрда Баткен шаарында муниципалдык мал базардын ачылышы болуп, элге пайдаланууга берилди.

Базардын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, мэр Имаманазар Бурканов, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Ошондой эле бүгүн биринчи жолу жаңы заманбап мал базарда Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары мал сатуу жана сатып алуу соода-сатык иштерин башташышты.

Мэр Имамназар Бурканов шаар тургундарын жаңы жылы жана мал базардын ачылышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен шаарында заманбап мал базар курулуп, элге ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө деди. Ошондой эле мындан тышкары шаарда заманбап шарттары менен муниципалдык соода-сатык түйүнү, муниципалдык автобекеттин курулуш жүрүп жаткандыгын айтты. Бул аракеттер баары шаар тургундары эле эмес жалпы облус эли үчүн жасалып жаткандыгын белгиледи.

Ыйгарым укуктуу өкүл Баткен шаарындагы муниципалдык мал базар облус боюнча эң чоң мал базарлардан деп белгилеп өттү. Ошондой эле жалпы элди кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Базардын курулушу үчүн 22,8 миллион сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Бардык шарттар түзүлүп, тийиштүү адистер базарга кирген малдарга көзөмөл жүргүзүп турат. Мал базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот.

Учурда базардын айланасы тосулуп, атайын административдик имарат, тротуарлар, мал байлоочу, малдарды жүктөп түшүрүүчү жайлар, бастырмалар курулган.

Сыйымдуулугу 1000 баш майда, 500 баш бодо мал.

Белгилей кетсек, эски мал базар шаардын так ортосунда жайгашып, көчөлөрдө унаа тыгындары орун алып, жалпы эл үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,5 гектар жер аянты бөлүнүп заманбап шарттары менен мал базар курулган.