31.12.2023
Кароолор: (21)
ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН УРМАТТУУ ШААРЫБЫЗДЫН ТУРГУНДАРЫ!

Баткен шаарында жаңы жылдык майрам өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленүүдө.
Жаңы жылдык майрамды көркүнө чыгарган Баткен облустук "Апаз Жайнаков" атындагы музыкалык-драма театрынын артисттери жана жергиликтүү таланттар Баткен шаарынын борбордук аянтында элдин маанайын көтөрүп, өз өнөрлөрүн тартуулашууда.
Бул күнү жалпы облус элин жаңы жылы менен куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдер келип, куттуктоолорун айтышты.
Жетекчилер жаңы жыл жалаң жакшылыкты, жаратмандыкты, ынтымак ырысты, бак дөөлөттү, өлкөбүзгө өнүгүп өсүүнү алып келип, элибизде, жерибизде ынтымак, тынчтык болушуна тилектештиктерин билдиришти.
Ошондой эле бүгүнкү иш чарада Баткен шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган атайын сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчү жыл мыктыларына сыйлыктар тапшырылды.
"Мыкты аяз ата, аяз кыз" номинациясына - Баткен шаарынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин эмгек жамааты ээ болду.
"Мыкты жасалга" номинациясына - Баткен Мамлекеттик Университети.
"Мыкты костюм" номинациясына - Аппаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма-театрынын чыгармачыл жамааты.
"Мыкты жеке ишкер" номинациясына - унаасын өзгөчө жасалгалап, аяз ата кийимин кийинип элге майрамдык маанай тартуулаган Акжолбек Үсөнчөев.
"Мыкты куттуктоо" номинациясын - бешке окуган окуучуларды акысыз ташыган, Баткен шаарынын муниципалдык автобазасынын айдоочусу Абдилашим Саматовдор татыктуу болду.